Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу Ысык-Көл районунун тургундары!
Сиздерди 5-Май - Конституция күнү менен куттуктаймын.
Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 31 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.
Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялуу мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.
Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган жана өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө шарт түзүүдө.
Көз карандысыз Кыргызстандын Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги. Андыктан Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.
Урматтуу мекендештер сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай, ийгилик жана өсүп-өнүгүү каалаймын! Терең урматтоо менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратович.