РУХ ОРДОДО ЭКИ МИҢ ОКУУЧУ МАНАС АЙТТЫ

Май 15, 2024 - 11:26
 0  18
РУХ ОРДОДО ЭКИ МИҢ ОКУУЧУ МАНАС АЙТТЫ

Возможно, это изображение 2 человека и текст «REDMI NOTE REDMINOTE9 9 Al AI QUAD CAMERA»

1-майда, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормоновдун тапшырмасына ылайык Ысык-Көл районундагы «Рух ордо» маданий комплексинде «Урааным Манас» аталышындагы «Манас» айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында 2 миңдей окуучу «Манас» айтышты.
Аталган сынак КР Президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында өткөрүлүүдө.