Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жаңы заманбап мектеп ишке берилди.
Ысык-Көл районунун Семеновка айылында жаңы заманбап мектеп ишке берилди. Бүгүн 2024-жылдын 6-майы күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин онлайн катышуусунда жаңы заманбап мектептин салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ж.Султанбаева Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.Т.Ормонов, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы С.Арыкбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгилей кетсек, П.Ф.Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын имаратынын курулуш иштери толугу менен аяктап, курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 58,0 млн сомго каржыланып, “Мээримбел Текстил Иншаат” ЖЧКу тарабынан 2016- жылы куруу иштери башталган. Учурда 225 орунга ылайыкталып, окуучулар үчүн баардык шарттар түзүлдү.