«Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө»

Май 15, 2024 - 11:30
 0  41
«Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө»
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн тиешелүү комиссия курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарбагандыгы жана даярдыгы боюнча паспорт албагандыгы “Смена”, “Белек”, “Чолпон-Ата”, “Дальный кардон” эс алуу жайларын жана “А.Чалжанов” конок үйү жабып, 2024-жылдын жайкы туристтик мезгил учурунда туристтик кызмат көрсөтүү укугунан ажыратты.
Жогорудагы иш-аракеттер Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгынын алкагында аткарылууда.