4-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн Кош-Көл айылында пилоттук негизде ишке ашырылган жамгырлатып сугаруу системасы менен таанышты. Система Айыл чарба
мамлекеттик фондунун 24,5 гектар жерине орнотулуп, бүгүнкү күндө 6,0 гектар аянтындагы айыл чарба өсүмдүктөрү пайдаланууга берилди.
Мындай система аркылуу сууну коромжу кылбай үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу менен мол түшүм алууга шарт түзүлөт.
Белгилей кетчү жагдай, жөнөкөй арык аркылуу 1 гектар жерди бир күн сугарууга убакыт кетсе, бул жамгырлатып сугаруу системасы менен 8 саатта 3 жарым гектарды сугарса болот. Ошондой эле, арык аркылуу 25 гектар жерге кетчү суу менен, жамгырлатып сугаруу системасы колдонулса 100 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бар.