Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратовичтин колдоосу менен "Шайыр тапкычтар клубу" акимдин кубогу болуп өттү
Январь 17, 2024 - 02:02
Май 20, 2024 - 16:05
0 32
2024-жылдын 3-апрель күнү Бостери айылындагы маданият үйүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековнанын демилгеси менен жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратовичтин колдоосу менен "Шайыр тапкычтар клубу" акимдин кубогу болуп өттү.
Иш-чаранын максаты: Демилгелүү чыгармачылык балдардын топтомун түзүү, сахнада өзүн алып жүрүү, көрсөтүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү, сценарийлерди жазуу, актердук чебердикти өнүктүрүү жана юмордук жөндөмдөрүн көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Мелдештин баскычтары:
Аймактык "Шайыр тапкычтар клубунан" мыкты деп тандалган командалар Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кубогуна жолдомо алышкан. Жеңишке ээ болгон Ананьево айылындагы "Көк-Дөбө", Кыргыз Республикасынын Президенттик "Акылман" лицейинин "Айырмасы жок" командалары Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна жолдомо алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында "ГРАН-ПРИ", 1-2-3-орун алган командаларга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратовичтин атынан акчалай белектер, "Ыраазычылык каттарын" акимдин орун басары Мамбеталиев Рамис Русланович тапшырып, Шайыр тапкычтар клубунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, баардык шайыр тапкычтар клубунун оюнчулары жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүп, мыкты оюн тартуулагандарын баса белгилеп, окууларына албан ийгиликтерди каалады.