Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратовичтин куттуктоосу

Урматтуу Ысык-Көл районубуздун тургундары! Сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын-дилимден куттуктайм! Жаңы жылыбыз жакшылык жылоологон, ак жолтой, берекелүү жылдардан болсун! Эл ичинде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!
Ар бирибиз эңсеп күткөн көз ирмемдер жакындап, коломтобуз жылуулукка бөлөнсүн! Жаңы жыл - наристеге да, карыяга да тегиз мээримин чачкан майрам.
Аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2024-жылдын босогосун аттаганы турабыз.
Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун.
Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн энелерибиз аман болсун.
Келечектин ээлери — жаштарыбыздын баардык ой максаттары ишке ашсын.
Үйүбүздүн куту — балдарыбыздын күлкүсү жаңырып турсун.
Баарыбызды тең жакшылыктар, ийгиликтер коштоп жүрсүн. Тилектерибиз ишке ашсын.
Терең урматтоом менен,
Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратович.