Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Кара-Ой айылында курулуп жаткан "Аалам Бетон" инерттик материалдарды чыгаруу заводу менен таанышты.

2024-жылдын 17-апрелинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Кара-Ой айылында курулуп жаткан "Аалам Бетон" инерттик материалдарды чыгаруу заводу менен таанышты. Учурда аталган заводду куруу иштери дээрлик аяктап жакынкы мезгилде ачылуу аземи болоору күтүлүүдө. Завод ишке берилсе 20 жергиликтүү тургундар жумуш орду менен камсыз болот.