Чолпон-Ата шаарында ак калпакты даңазалалоо максатында жөө жүрүш өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кечээ, 5-март Аккалпак күнү белгиленди. Бул баш кийимди даңазалоо максатында жөө жүрүш өткөрүлүп, ага мектеп окуучулары, жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү ж.б. катышып, шаардын борбордук көчөсүн бойлой калпак кийип, желектерин көтөрүп жүрүштү. Кыргызстан. Иш-чарада ак калпак кыргыз жигиттеринин баш кийиминин өзгөчө түрү экени, аны татыктуу кийгени айтылды.