Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормоновдун жетекчилиги менен Ысык-Көл районундук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү.

Май 15, 2024 - 11:24
 0  17
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормоновдун жетекчилиги менен Ысык-Көл районундук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү.

Возможно, это изображение 2 человека и текст

2024-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормоновдун жетекчилиги менен Ысык-Көл районундук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү.
Коллегиялык отурумдун күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды,
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жана индикативдик көрсөткүчтөрүнүн планы 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө;
2.2023-2024-жылдарда күз -кыш мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана Ысык-Көл районунун экономика тармактарынын жана калкынын 2024-2025-жылдардагы күз -кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктары боюнча милдеттери жөнүндө.
Жыйынтыгында күн тартиптеги ар бир маселе боюнча токтом кабыл алынып тиешелүү райондук мамлекеттик мекеме жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тапшырмалар берилди.
Ошондой эле, административдик аймактык реформанын негизинде кыскартылган айыл өкмөт башчыларына Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.