Бүгүн 2024-жылдын 23-апрелинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Шайыбек айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Апрель 24, 2024 - 14:38
Май 6, 2024 - 09:38
 0  7
Бүгүн 2024-жылдын 23-апрелинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Шайыбек  айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга райондук мамлекеттик мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жергиликтүү тургундар жер тилкеси, жол, административдик аймактык реформа, таштанды маселеси, электр чубалгылары, жайыт, мал чарбасы жана башка маселелер боюнча суроо талаптары менен кайрылышты.
Ар бир айтылган суроо талаптар боюнча атайын иш чара план түзүлүп тиешелүү райондук мекеме ишканаларга убактысын көрсөтүү менен тапшырмалар коюлду.
Өз сөзүндө Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов ар бир көйгөйдүн убагында чечилишин жеке көзөмөлүнө алаарын жана талаптар аткарылбаса жоопту жетекчилерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.