УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ

Апрель 24, 2024 - 14:50
Май 6, 2024 - 09:33
 0  18
УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ
Возможно, это изображение 6 человек, люди играют в гольф и трава
УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ
Бүгүн 2024-жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл району боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгынын алкагында “Улуттук тазалык күнү” белгиленди.
“Улуттук тазалык күнүнө” жалпы район боюнча 9214 адам катышып, 48 км көл жээк, ички арыктар, негизги жана курорттук жолдордун жээктери тазаланды.
Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 9-10-11-класстардын окуучулары жана жергиликтүү тургундар катышып, 182 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.
Мындай ишембиликтер районубуздун санитардык тазалыгын сактоо максатында, жаздын башталышы менен жума сайын уюштурулуп келүүдө.
Районубуздун тазалыгын сактоо жана табиятка таттуу мамиле кылуу максатында, жергиликтүү тургундардан жана келген меймандардан тазалыкты сактап, таштандыларга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз!