Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Бактуу-Долоноту айылынын жергиликтүү тургундары менен жеринде барып жолукту.

Январь 17, 2024 - 02:03
Май 20, 2024 - 16:06
 0  11
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Бактуу-Долоноту айылынын жергиликтүү тургундары менен жеринде барып жолукту.

2024-жыл 17-апрелинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов Бактуу-Долоноту айылынын жергиликтүү тургундары менен жеринде барып жолукту. Жолугушууга Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков, Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Советбек Уралиев, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Болот Бакиров жана тиешелүү райондук мамлекеттик мекеме ишканалардын башчылары катышты.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар таза суу, жол, жер тилкелери жана башка көйгөйлөр боюнча суроо талаптарын айтышты.
Жыйынтыгында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов айтылган көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча протоколдук тапшырма берип, аткарылышын жеке көзөмөлүнө алаарын белгиледи.