Ысык-Көл районунун аймагындагы стратегиялык объекттеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

2024-жылдын 22-апрелинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов , Ысык-Көл районунун аймагындагы стратегиялык объекттеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйында стратегиялык обьекттердин абалы, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери каралып, суроо-жооптор менен коштолду. Ошондой эле, башчысы-аким стратегиялык объекттердин мыйзамга ылайык, тиешелүү денгээлде коопсуздугун кароо өтө маанилүү экендигигин белгилеп, ар бир стратегиялык объекттин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.