2024-жылдын 9-майы күнү, Ысык-Көл районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Май 15, 2024 - 11:31
 0  16
2024-жылдын 9-майы күнү, Ысык-Көл районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Возможно, это изображение 6 человекВозможно, это изображение 13 человекВозможно, это изображение 10 человек и текст

2024-жылдын 9-майы күнү, Ысык-Көл районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Майрамдык иш- чараны Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратович ачып ооруктагы эмгектин ардагерлерин жана Ысык-Көл районунун тургундарын куттуктап сөз сүйлөдү.
“Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!
Ооруктун кадырлуу эмгекчилери! Урматтуу Ысык-Көл районунун тургундары!
Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы улуу Жеңишке 79 жыл толду. Улуу Жеңиш – эрдиктин, каармандыктын жана кайраттуулуктун символу болуп калган бүткүл элдик майрам.
Сиздерди бүгүнкү Жеңиш майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!
Бул күндө биз жыл сайын келечек муундун бейпил жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип келебиз.
Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок!
Улуу Жеңишке жетүүдө биздин аталарыбыздын, апаларыбыздын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп, сыймыктануу менен айта алабыз. Алардын өлбөс-өчпөс эрдиктери атуулдук ар-намыстын эң жогорку үлгүсү катары эч качан эстен чыкпайт.
Кыргызстандык жоокерлердин даңазалуу эрдиктери жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталат.
Белгилей кетсек, Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашык Кыргызстандык жарандарыбыз катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
100 миңден ашуун жердешибиз кан майданда курман болуп, көптөрүнүн дайыны чыкпай калган. Анткен менен, канча мезгил өтсө дагы, ата-бабаларыбыздын бүткүл адамзатты фашизмдин туткунунан куткарып, өз өлкөсүнүн жана жер шарынын элдеринин бактысы үчүн курман болгондугун эч ким, эч качан унутпайт!
Тилекке каршы, жыл өткөн сайын кан күйгөн согушта ар бир демин Ата Мекенге арнап, бизге чыныгы Жеңишти тартуулаган ардагерлерибиздин катары суюлууда. Аларга майрам күнү гана көңүл бурбастан, дайыма кам көрүү – биздин милдетибиз!
Урматтуу согуштун жана ооруктун ардагерлери! Сиздердин фронттогу баатырдыгыңыздар, тылдагы кайратман эмгегиңиздер үчүн дагы бир жолу башымды ийип, таазим кылам!
Ден соолугуңуздар бекем болсун! Күүлүү-күчтүү болуп, арабызда аман болуңуздар!
Асманыбыз ачык, көңүлүбүз тынч болсун!
Кыргызстаныбызда ар тынчтык, ынтымак, биримдик, токчулук, бейкутчулук орносун. Сиздерди терең урматтоо менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ормонов Жапарбек Туратович.