Жер мунапысын жөргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт!
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №284 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жер мунапысын жөргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктаарын билдирет.
Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү №1, байланыш телефону 0 (3943) 4-33-88.