Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Чолпон-Ата шаарынын “Золотые пески Центральной Азии” пансионатынын 5,68 га парк-пляж зонасын коомдук пляж уюштуруу максатында 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүүгө конкурс жарыялайт
Жайгашкан жери |
Пайдалануу максаты |
Аянты |
Ижара мөөнөтү |
Ижара акысы |
Өзгөчөлүгү |
Чолпон-Ата шаарынын “Золотые пески Центральной Азии” пансионатынын |
Коомдук пляж уюштуруу максатында |
5,68 га |
5 жыл |
4544000 сом |
Пляжга болгон туристтердин агымы жогору |
Конкурстун шарттары:
-Конкурс 2025-жылдын 14-июлунда саат 14:00дө төмөнкү дарек боюнча өтөт:
Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү №1, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 3-кабаты.
Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2025-жылдын 10-июлуна чейин төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:
- конкурска катышууга өтүнмө;
–коомдук пляжды уюштуруунун эскиздик долбоору;
–конкурстун шарттарын жана ижаранын өлчөмүн аткаруу боюнча сунуштар, (өтүнмө ээлери чапталган конверттеги конкурстук сунушту тиркөө менен тартипке ылайык бекитилген форма боюнча өтүнмөлөрдү берет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 “Ысыккөл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен парк-пляж зонасынын эскиздик долбоору конкурстук сунуш болуп саналат, парк-пляж зонасында коммерциялык түйүндөр жайгашуусуна жол берилбейт, ошондой эле ажааткана бекер болуусу шарт);
– кепилдик төгүмдү ырастоочу төлөм документинин көчүрмөсү;
– коомдук пляжды уюштуруунун сметалык наркы жана мөөнөттөрү;
– архитектуралык-көркөм жана архитектуралык-пландоо чечимдери;
– объекттин инженердик-техникалык мүнөздөмөсүнүн сунуштары;
– жаңы жумуш орундарынын саны;
– экологиялык таза технологияларды жана материалдарды пайдалануу боюнча милдеттенмелер.
- кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынан 10%, т.а. 454400 сом) ;
1) жеке жактар үчүн:
-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;
- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
- эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;
- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
Конкурстун катышуучуларын каттоо, конкурс башталганга чейин 1 саат мурун башталат.
Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү №1, байланыш телефону 0 (3943) 4-33-88.
Биздин реквизиттер: Банк: Борбодук казына, БИК: 440001, төлөмдүн коду: 14511900, депозиттик эсеп: 4404032100001015.