ВАКАНЦИЯ

Июль 15, 2025 - 17:31
 0  9

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

 

 

 

 

Башкы административдик кызмат ордуна:

— экономика, социалдык өнүктүрүү жана туризм боюнча сектор башчысы;

 

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, тейлөө сферасы, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар);

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:

1)“Кыргыз Республикасынын Салык кодекси”,

2)“Кыргыз Республикасынын Туризм жөнүндө” мыйзамы,

3)“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы

 

Улук административдик кызмат орундары:

 

-уюштуруу маселелери, кадр, документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө боюнча секторунун башчысы (У-А)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү);

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:

1)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

2)“Жергиликтүү  мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы

3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниицпалдык кызматчыларынын этикасынын” Кодекси.

 

-социалдык маселелер боюнча башкы адиси (У-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер);

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

Мыйзамдарды билүүсү:

1) “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө” Кодекси

2)“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”  мыйзамы

3)” Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы.

 

-укук тартип маселелери боюнча башкы адиси (У-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу);

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

Мыйзамдарды билүүсү:

1) “ Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы;

2)«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамы;

3) «Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзамы.

 

-юрист жана жер маселелери боюнча башкы адиси (У-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, архитектура жана курулуш);

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

Мыйзамдарды билүүсү:

1)”Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

2) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси»;

3) Кыргыз Республикасынын  Жер кодекси”.

 

-туризм жана экология маселелери боюнча башкы адиси  (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, тейлөө сферасы, табият таануу илимдери, айыл чарбасы);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

Мыйзамдарды билүүсү:

1)“Туризм жөнүндө”  мыйзамы

2)“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө”  мыйзамы,

3)“Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы  техникалык регламент”   мыйзамы.

 

Кенже административдик кызмат орундары:

 

-уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча органдары маселелери боюнча жетектөөчү адиси (У-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, тейлөө сферасы);

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Мыйзамдарды билүүсү:

1)      “Жергиликтүү  мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниицпалдык кызматчыларынын этикасынын” Кодекси;

3)“Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамы.

 

 

-экономика жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси (К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Мыйзамдарды билүүсү:

1)“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы;

2)“Жайыттар жөнүндө” мыйзамы.

3) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

-жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси (К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, табият таануу илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Мыйзамдарды билүү:

1)      Кыргыз Республикасында  жекече турак-жай курулушу жөнүндө” мыйзамы;

2) “Кыргыз Республикасында  инвестициялар жөнүндө” мыйзамы.

3) «Суу жөнүндөгү» мыйзамы

 

-спорт, маданият жана коомдук уюмдар  маселелери боюнча адиси  (К-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу педагогикалык билим берүү, тейлөө сферасы, маданият жана искусство, педагогикалык билим берүү, табият таануу илимдери, социалдык илимдер); 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Мыйзамдарды билүү:

1)“Маданият жөнүндө” КР мыйзамы,

2Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамы;

3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы.

 

-документтик камсыздоо боюнча адиси (К-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу педагогикалык билим берүү, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер); 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

Мыйзамдарды билүүсү:

1)”Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы

2)Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

3)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

— кадрлардын каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

— жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

— эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

— соттолбогондугу жөнүндө аныктама;

-өмүр баяны;

-резюме.

Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык  күндүн ичинде 2025-жылдын 10-июлунан 2025-жылдын 21-июлуна чейин   Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде  Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28.